-Калктын жакыр катмарынын жашоо сапатын жакшыртуу;
-Жумушсуз мүмкүнчүлүгү чектелген, жана башка муктаж болгон жарандарыбызга материалдык, моралдык жана юридикалык жардам берүү;
-Станционардык мекемелерге колдоо көрсөтүү;
-Заманбап билим берүүдө коомдук долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдоо көрсөтүү;
-Руханият жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган түзүмдөрдү колдоо;
-Калк арасында кайрымдуулук маданиятын жайылтуу.
Эгемендүүлүктү алган жылдан бери кыргыз эли жана Кыргызстан бир топ алдыга жылып келе жатат. Бирок көптөгөн кыйынчылыктарды да башынан кечирип келет. Саясий жана экономикалык кризистер менен кошул-ташыл болгон эң чоң көйгөйлөрдүн башында жакырчылык турат десек жаңылышпасак керек.
Көптөгөн статистикалык маалыматтар муну тастыктайт. Он миңдеген жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жашап-иштеп кетишсе дагы да кете албай жүргөндөр четтен чыгат. Албетте чет элде жүргөн атуулдарыбыз Кыргызстанга салымдарын кошуп жатышат.
Ак ниет адамдар биз аркылуу жардамдарын берип турушат. Биз бул жардамдарды дагы да кеңири жайылтуунун аракетиндебиз. Өлкөбүздө бир да жакыр адам калбаганга чейин бул иштерди жалпы элибиздин колдоосу менен уланта бермекчибиз. Өлкөбүздө бакубаттуулук орногон мезгилде дүйнөлүк деңгээлде иш алпарабыз деген ишеничтебиз.
Кыргызстанда жашап жүрүп бизнестин көзүн тапкан инсандарыбыз да бар. Фондубуз мына ушул ийгиликтүү ишкерлерди да камтыган калкыбыздын калың катмарынан чыккан айкөл, жоомарт адамдарыбыз менен жакырчылыкка түшүп калган инсадарыбыздын ортосунда көпүрөө болууну көздөйт.
Бул багытта, ачылгандан бери фондубуз алгылыктуу иштерди аткарып келет. Жүздөгөн муктаж инсандар биз аркылуу материалдык жана акчалай жардамдарды алып келишет.
Муктаж адамдардын турмушун жеңилдетүүгө салымыңызды кошуңуз
Бизге кошулуңузБайланыш жолдору
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., мкрн Тунгуч, Исакеева коч. 18/3, 1 кабат, офис тел: +996 (772) 002 015 whats app же +996(772)552015 whats app | elimbarsynby@gmail.com